Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПразднование международного дня защиты детей в Бишкеке
Празднование международного дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жазылуу
25-июлда өлкөдө ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлүп, абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 40 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жекшембиде республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35…+40, Талас өрөөнүндө +34…+39, Ысык-Көлдө +27…+32, Нарын аймагында +28…+33 градус болот.

Синоптиктер күндүн табы Бишкек, Ош шаарларында +38…+40, Чолпон-Атада +27…+29 градуска жетерин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0