Быйыл үйлөнгөндөр да, ажырашкандар да көбөйгөн. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Абдуллаева никеге тургандардын ичинен ар бир төртүнчү түгөй ажырашканын статистика көрсөткөнүн билдирди.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Быйыл 2020-жылга салыштырмалуу үйлөнгөндөрдүн жана ажырашкандардын саны бир кыйла өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин демография бөлүмүнүн жетекчиси Гульхумар Абдуллаева билдирди.

2021-жылдын январь-май айларында Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК) Кыргызстан боюнча жалпысынан 20 315 никени каттап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,6 эсеге көп экени байкалган.

Ал эми былтыркы ушул айда 12 662 нике күбөлүгү тапшырылган. Январь-май (2021) айларында никеге тургандарды аймактар боюнча карай келгенде төмөнкүчө болгон:

  • Бишкек шаарында – 3 681; 
  • Баткен облусунда – 1 686; 
  • Жалал-Абад облусунда – 3 964; 
  • Ысык-Көлдө — 1 431;
  • Нарын облусунда — 789; 
  • Ош облусунда — 4303; 
  • Талас облусунда — 745; 
  • Чүй облусунда — 2741;
  • Ош шаарында 975 түгөй үйлөнгөн.

Абдуллаева никеге тургандардын баарынын эле бүлөсү бекем боло бербейт, ар бир төртүнчү түгөй ажырашканын статистика көрсөтүп турарын билдирди.

Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эл качан бузулат? Салт менен кааданын айырмачылыгы тууралуу маек
Муну сандар менен айтсак, 2020-жылдын январь-май айларында мыйзамдуу түрдө 3 128 үй-бүлө ажырашса, 2021-жылдын ушул мезгилинде алардын саны алда канча көбөйүп, 4 942 жуп эки ача жолго түшкөн. Аймактарды алсак, Бишкектен кийинки эле орунда Чүй (894) жана Ысык-Көл (436) облустары турат.

Белгилей кетүүчү учур, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ажырашкандардын саны башка дубандарга караганда кадыресе аз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0