Кыргызстанда кылмыштын кайсы түрү канчага өстү. Маанай чөгөргөн статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековБычкак кармаган адам. Иллюстративдүү сүрөт
Бычкак кармаган адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
Январь-июнь айларында 23,5 миң кылмыш иши катталган. Бул өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 1,5 эсеге көп дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында республика боюнча кылмыштуулуктун саны өстү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага шилтеме берип Улуттук статистика комитети жазды.

Январь-июнь айларында 23,5 миң кылмыш иши катталган. Бул өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 1,5 эсеге көп дегенди түшүндүрөт.

Ошондой эле 12 миңге чукул жоруктар катталган (өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 30 пайызга көп). Жалпы кылмыштардын 61 пайызы Бишкек шаары менен Чүй облусунда жасалган.

Кылмыштын көбөйгөн түрлөрү:

  • алдамчылык — 1,6 эсеге;
  • уурулук — 1,5 эсеге;
  • тоноо – 24,5 пайызга;
  • адам өлтүрүү — 26 пайызга;
  • зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу — 34 пайызга;
  • ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 6 пайызга;
  • кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу — 36 пайызга;
  • ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо — 2,2 эсеге;
  • паракорлук — 1,4 эсеге;
  • баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү — 23 пайыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0