Коронавирус 919 адамдан табылды. 31-июлдун статистикасы

© AFP / RONALDO SCHEMIDTСитуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Аргентине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Өткөн күндөрдүн статистикасына караганда илдетке чалдыккандардын саны аз, ал эми ооруну жеңип кеткендер салыштырмалуу көбүрөөк.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 919 адам коронавирус жуктуруп, 1 580 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Өткөн күндөрдүн статистикасына караганда илдетке чалдыккандардын саны салыштырмалуу аз, ал эми ооруну жеңип кеткендер көбүрөөк.

COVID-19дун жаңы 919 учуру төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек - 515
  • Ош шаары - 6
  • Чүй облусу – 154
  • Ош облусу – 29
  • Талас облусу - 10
  • Нарын облусу - 23
  • Ысык-Көл облусу – 50
  • Жалал-Абад облусу – 73
  • Баткен облусу – 57

Пандемия башталгандан бери баш-аягы болуп 162 892 адам коронавируска чалдыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0