Кыргызстандыктар августтун аягында удаасы менен төрт күн эс алышат

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Жылдын аягына чейин узак эс алуу күндөр эки гана жолу, жай айынын аягында жана күзүндө болот. Кыргызстандыктар удаасы менен төрт күндөн эс алышат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Август айынын этегинде кыргызстандыктар өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу төрт күн удаасы менен эс алышат.

Наступление осени в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Сентябрда күн сууктайбы? Күздүн алгачкы айына карата аба ырайы
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 28 жана 29-август (ишемби жана жекшемби) күндөрү менен кошо 30 жана 31-август эс алуу күнү деп аныкталган.

30-август жумуш күн болмок, бирок анын ордуна кыргызстандыктар 10-май күнү иштешкен (9-май майрам күнү жекшембиге туш келгендигине байланыштуу бул күн дем алыш болушу керек). Министрлер кабинети анда эс алуу күнүн августка жылдырган болчу.

Күзүндө дагы төрт күндүк эс алуу болору жылдык календарда көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0