Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
27-августка караган түнү республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жума күнү күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +34...+36, ал эми Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0