Өткөн суткада Кыргызстанда 15 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделди

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВакцинация от коронавируса в Оше
Вакцинация от коронавируса в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралганы айтылды.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бир сутка ичинде 15 062 адам коронавируска каршы вакцина алганын Республикалык штаб кабарлады.

Кечээтен бери эмделгендердин ичинен 5 572 жаран биринчи дозаны, ал эми 9 490 адам экинчи дозаны сайдырган.

Республика боюнча эмделгендердин жалпы саны:

  • 1-доза — 696 707;
  • 2-доза — 472 995.

Бүгүн, 2-сентябрда, Баткен шаарында коронавирус илдетине каршы эмдөөгө үндөгөн 10 күндүк акция башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Баткенде COVID-19га каршы эмдөөгө чакырган 10 күндүк акция башталды. Сүрөт
COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Буга чейин биология илимдеринин доктору, Ратгерс университетинин профессору Константин Северинов коронавируска каршы күчтүү иммунитетти кантип калыптандырса болорун айтып, вакцина COVID-19ду жуктуруп алуудан эмес, өлүмдөн сактай турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0