Бишкектин түштук магистралындагы унаалар. Архивдик сүрөт

Күн ачык болот. Бир жумага карата аба ырайы

832
Келе жаткан жумада күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Апта аяктап калганда айрым аймактарга гана жаан жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, келе жаткан жумада күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Апта аяктап калганда айрым аймактарга гана жаан жаашы ыктымал.

Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында 5-сентябрдан 11-сентябрга чейин күн ачык болуп, жаан жаабай турганы божомолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй менен Талас облусунда деле 5-11-сентябрга чейин күн жылуу болот. Болгону 10-сентябрда тоолуу аймактарда өткүн өтүшү ыктымал.

Ысык-Көлдө 9-сентябрга чейин күндүн көзү бузулбайт. 9-сентябрь күндүз жана 10-11-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө.

832
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызгидромет, божомол, Кыргызстан, облус
Тема боюнча
БАЭден келген компания күн электр станцияларына инвестиция салууга ниеттенүүдө
Элчи Тотуяев этникалык кыргыздар менен жолугушуусу

Элчи Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөт

12
(жаңыланган 17:17 20.09.2021)
Элчи боордоштордун Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында элчи этникалык кыргыздардын Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген. Ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын айткан.

Встреча посла КР в Пакистане Уланбека Тотуяева с представителями этнических кыргызов, проживающими в Пакистане. 20 сентября 2021 года
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту

Өз кезегинде этникалык кыргыздар Кыргыз-Пакистан мамилесин өнүктүрүүгө жана Пакистанда Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришкен.

Тараптар Пакистандагы кыргыздардын жана Ала-Тоого көчүп кетүүнү каалаган кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында жашаган жерлерине элчинин жакын арада баруусун макулдашты.

12
Белгилер:
Пакистан, этникалык кыргыздар, элчи, жолугушуу, Уланбек Тотуяев
Тема боюнча
Өзбекстанда канча этникалык кыргыз жашаары айтылды
Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек
Милиция кызматкерлери Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагынан бомба издөө учурунда

Бишкекте Фрунзе заводунун аймагынан бомба издеп жатышат

30
(жаңыланган 17:18 20.09.2021)
Милицияга бомба тууралуу эки саат мурун чалуу түшкөн. Учурда заводдун аймагында издөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Фрунзе заводунун аймагынан бомба изделип жатат. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн.

Сотрудники милиции во время поисков бомбы, на территории завода имени Фрунзе в Бишкеке. 20 сентября 2021 года
Жарылуучу зат коюлганы тууралуу жашыруун билдирүү милицияга саат 14:50дө түшкөн

Жерине ыкчам-тергөө тобу, Ленин райондук жана Бишкек шаардык милициянын жетекчилиги чыгып кеткен.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында заводдун аймагы курчоого алынган. Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери дагы келген.

Учурда издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Кенен маалымат кийинчерээк берилет.

30
Белгилер:
Бишкек, завод, бомба, издөө
Тема боюнча
ЦУМ менен ГУМда бомба бар деп кабарлоого шектелген аял камакка алынды