“Баатыр Эне” орденин алган аялдар. Архивдик сүрөт

Баатыр энелер менен өнөкөт оорусу барлардын жөлөк пулун көбөйтүү каралууда

253
Жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү үчүн бюджеттен быйыл 453,9 миллион, 2022-жылы 3 миллиард 600,8 миллион сом талап кылынат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Октябрь айынын башынан тарта Кыргызстанда өнөкөт оорусу бар жарандарга жана баатыр энелерге берилчү жөлөк пулдун суммасын 500 сомго көбөйтүү пландалууда. Аталган токтом долбоорун Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуштап, министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Бул категорияга онкологиялык оорунун оор формасы, бөйрөк жетишсиздиги, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, бронхиалдык астма, туберкулез жана башка өнөкөт ооруларга чалдыккан, ар дайым реабилитациялоого жана кошумча социалдык жардамга муктаж жарандар кирет.

Министрлик аталган категориядагы жарандардын жана баатыр энелердин социалдык жөлөк пулу бюджеттин тартыштыгынан улам 2010-жылдан бери көбөйтүлбөгөнүн белгиледи.

Ошол себептен 1-октябрдан тарта көбөйтүүнү кароо сунушталууда:

  • I топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — 2000 сомдон 2500 сомго чейин;
  • II топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
  • III топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
  • Жаш курагы боюнча — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;
  • Батыр энелерге — 2000 сомдон 2500 сомго чейин.

Буга чейин президент Садыр Жапаров майыптыгы бар адамдардын жана ата-энесинен ажыраган балдардын жөлөк пулунун өлчөмүн октябрдан тарта 50 пайыз, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга көтөрүү жарлыгына кол койгон.

Жогоруда аталгандардын баарын аткаруу үчүн бюджеттен быйыл 453,9 миллион, 2022-жылы 3 миллиард 600,8 миллион сом талап кылынат.

253
Белгилер:
жөлөк пул, 'Баатыр эне', өнөкөт оору
Тема боюнча
Мукамбетов: пенсияны жогорулатуу үчүн үч айга 985 млн. сом жумшалат
Алтын. Архив

Бажы кызматы Кытайга 17 фура алтын концентратынын чыгып кетиши боюнча үн катты

373
(жаңыланган 21:41 22.09.2021)
Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айткан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы депутат Аккулу Бердиевдин Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган алтын концентратын 17 фура менен Кытайга чыгарып кетишти деген билдирүүсү боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Эркеч-Там" бажысынан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кетип баратканда Финпол тарабынан токтотулуп, кылмыш иши козголгон.

"Кечээ, 21-сентябрда, кытайлар жаңылады деп "Эркеч-Там" менен "Достук" бажысы аркылуу чыгарып кетиптир. Министр, бажычылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай "Кайди" компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам "мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. "Эркеч-Тамдан" эмес, "Достуктан" өткөрүп поездге жүктөп кетиптир" дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот", — деген Бердиев.

Бажы кызматынан билдиришкендей, “тарифсиз жөнгө салуу чаралары колдонулган бажы операцияларын ишке ашырууда товарды алып кирүү жана чыгуу боюнча уруксат берилген эрежелерди жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2015-жылкы чечимине ылайык иш алып барат”.

“Товарды киргизүү жана чыгаруу Кыргызстандын тиешелүү органдары уруксат берген документтин негизинде гана ишке ашырылат. Кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы токтомуна ылайык, тиешелүү органдар "Гик Кайди" ЖЧКсына 2021-жылдын август айынан тарта Кыргызстандын сыртына флотациялык концентрат алып чыгууга уруксат берген. Бажы кызматкерлери жогорудагы уруксат документтерин көрүп туруп концентраттарды чыгаруу боюнча операцияны аткарышкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты.

Буга байланыштуу эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, ишти тыкыр текшерүүнү өтүндү.

373
Белгилер:
Кыргызстан, депутат, Мамлекеттик бажы кызматы, алтын, чек ара
Тема боюнча
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок
Жалбырак. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

39
23-сентябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +20…+25 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +29…+31 градусту көрсөтөт.

39
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Беларуста COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын айтты
Бала көтөргөн аял. Архив

Индиядагы кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча ТИМ маалымат берди

0
(жаңыланган 23:29 22.09.2021)
Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу комментарий берди.

Буга чейин 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун берген.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

0
Белгилер:
Индия, Кыргызстан, келин, бала, өлүм, ТИМ
Тема боюнча
Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты