Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинНарын шаары. Архив
Нарын шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
16-сентябрда күндүз өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +25…+30 градус ысык болот.

Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош шаарында +30…+32 градуска жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0