Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жазылуу
20-сентябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Ысык-Көл жергесинде +19…+24, Нарын, Талас өрөөндөрүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +30…+32 градуска жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0