Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДарактагы тыйын чычкан. Архив
Дарактагы тыйын чычкан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
25-сентябрда күндүз өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Ишембиде республиканын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +25…+27, Ош шаарында +28…+30 градуска жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0