Кол чатыр көтөгөн адам. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

146
1-октябрда көпчүлүк аймактарда  аба ырайы өзгөрүлүп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жума күнү, 1-октябрда, республиканын аймагында мезгил-мезгили менен жаан-чачын болорун Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда +12…+17, Талас өрөөнүндө +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарында +13…+18 градус болот.

Ал эми термометр Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +13…+15 градусту көрсөтөт.

146
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кар жаап, үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан кыз. Архив

Жумага карата аба ырайы

17
29-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жума күнү эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жамгыр, кар жана тоолуу жерлерде кар жаайт. Таластын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас чөлкөмүндө +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +10...+15, Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.

Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ошто +15...+17 градуска көтөрүлөт.

17
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

ЖК төрагасы кызматтан кетти, анын милдетин Касымалиева аткармай болду

26
(жаңыланган 21:15 28.10.2021)
Бишкек шаардык административдик соту  бүгүн Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан четтеп, анын ордуна Аида Касымалиева төраганын милдетин аткаруучу болду. Бул туурасындагы маалыматты Касымалиева өзү тастыктады.

Вице-спикер Жогорку Кенеша Аида Касымалиева на заседании ЖК
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Вице-спикер Аида Касымалиева
"Төрага Талант Мамытов атайын тескеме чыгарып укуктарын убактылуу өткөрүп берди", —  деп билдирди Касымалиева.

Эске салсак, спикер  Мамытов "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган болчу. Бирок 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып талапкер катары каттоодон баш тарткан. Анткен менен бүгүн Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду шайлоого катышуу укугунан ажыраткан БШКнын чечимин жокко чыгарган.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп 2020-жылдын 4-ноябрында шайланган.

26
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, Талант Мамытов, Аида Касымалиева, спикер
Тема боюнча
Талант Мамытовду талапкер кылып каттабай койгон БШКнын чечими жокко чыкты
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетти