Жылуу эле болобу? Октябрь айына карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Октябрда абанын бир айлык орточо температурасы өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда норманын чегинде болсо, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо нормадан 1 градус төмөн болушу күтүлөт.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, октябрда абанын бир айлык орточо температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өрөөндөрдө жана Ысык-Көл, Нарындын дыйканчылык аймактарында норманын чегинде, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо нормадан 1 градус төмөн болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болушу божомолдонууда.

Чүй облусу

Абанын бир айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 9…11 градус жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө нормадан 1 градус төмөн болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 8…13 градуска чейин жылуу болуп, өзгөрүп турушу мүмкүн. Кээ түндөрү -1...-3 градуска чейин үшүк жүрөрү айтылды.
Күндүз 12…17 градустан 19…24 градуска жетип, айрым учурда 5…10 градуска төмөндөшү ыктымал.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…5 градуска жетсе, кээ бир түндөрү -2…-4 градус болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Күндүз 9…14 градустан 15…20 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Талас облусу

Заместитель главного инженера Бишкекской ТЭЦ Нурлан Кулжыгачев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Радио
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 7…9 градус жылуу болушу божомолдонууда. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус, кээ бир түндөрү -2...-4 градуска түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 11…16 градустан 19…24 градуска жетип, кээ бир күндөрү 4…9 градуска төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусу

Абанын бир айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылуу болушу ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо климаттык нормадан 1 градуска төмөндөп, 6…8 градус жылуу болушу божомолдонууда.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 9…14 градуска чейин жылып, өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айрым түндөрү 0...-2 градуска муздап, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Күндүз 12…17 градустан 20…25 градуска чейин ысышы ыктымал. Түнкүсүн абанын орточо температурасы 7…12 градустун тегерегинде болот.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 7…12 градуска чейин жылыйт.
Күндүз 9…14 градустан 18…23 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу божомолдонууда.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 6…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 9…14 градус чейин жылыса, кээ түндөрү 0...-2 градуска жетип, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Көмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 7…12 градус жылуу болсо, айрым түндөрү -2...-4 градус муздап, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Күндүз 9…14 градустан 18…23 градуска чейин, кээ бир күндөрү 3…8 градус жылышы ыктымал.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 7…12 градуска чейин жылышы мүмкүн. Айрым түндөрү абанын температурасы 0…-2 градус болуп, үшүк жүрүшү ыктымал.
Күндүз 9…14 градустан 18…23 градуска чейин, айрым күндөрү 4…9 градус жылуу болушу божомолдонууда. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо нормадан 1 градус төмөн болуп, 6…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градустан 9…14 градуска чейин жылуу болсо, кээ бир түндөрү үшүк жүрүшү ыктымал.
Күндүз 12…17 градустан 20…25 градуска чейин жылыйт.
Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустан 7...12 градуска чейин жылыса, кээде -2…-4 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн.
Күндүз 9…14 градустан 18…23 градуска чейин жылышы божомолдонду.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 6…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градустун тегерегинде болуп, кээ бир түндөрү -2…-4 градус суук болушу божомолдонду.
Күндүз 9…14 градустан 15…20 градуска чейин жылышы ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусу

В связи с новыми правилами ПДД вырос спрос на автомобильный знак Шипы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Кышкы дөңгөлөктү кантип туура тандоо керек. Эксперттин кеңеши

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 5…7 градус жылуу болору айтылды.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4 градус суук жана 1 градустан 2…7 градуска жетип өзгөрүп турушу ыктымал. Айрым түндөрү абанын температурасы -3…-8 градус муздап, үшүк жүрөт.
Күндүз 7…12 градустан 14…19 градуска чейин жылып, айрым күндөрү 2…7 градуска төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Жайыттар зонасы

Алайдан абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 0…-2 градус суук болсо, Чаткалда ай ичинде абанын температурасы 3…5 градус жылуу болушу божомолдонду. Суусамырда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, -1 градустан…+1 градуска чейин жылыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0