Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСостояние подземных переходов в Бишкеке
Состояние подземных переходов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
3-октябрга караган түнү Чүй, Талас облустарынан башка аймактарда жамгыр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Чүй, Талас облустарынан башка аймактардын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын жергесинде +9...+14, Ысык-Көл облустарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14...+19 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +11...+13, Ош калаасында +16...+18 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0