Күн качан ачылат? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2021
Жазылуу
Кийинки апта ичи деле жаанчыл болору божомолдонду. Аймактарда кээ бир күнү эле аба ырайы ачык болбосо, көп учурда жамгыр жаайт.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолун билдирди. .
Кийинки апта ичи деле жаанчыл болот. Аймактарда кээ бир күнү эле аба ырайы ачык болбосо, көп учурда жамгыр жаайт.
Чүйдө 3-4-октябрь жана 8-9-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 3-4-октябрь түнкүсүн жамгыр жаашы ыктымал. 5-6-октябрда күн ачык болору божомолдонду.
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жылуу эле болобу? Октябрь айына карата аба ырайы
Бишкекте 6-октябрда күндүз жана 7-октябрда түнкүсүн жамгыр жаайт. Башка күндөрү ачык болору айтылды.
Таласта 6-октябрда эле жаан жаашы ыктымал. Башка күндөрү аба ырайы бузулбайт.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында 5-октябрда жана 9-октябрда жаан жаабайт. Башка күндөрү катары менен жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшүшү мүмкүн.
Нарын менен Ысык-Көл облустарында да 5-октябрь жана 9-октябрда күн ачык болот. Калган 3-4-6-7-8-октябрда жаанчыл болору айтылды. Абанын температурасы орточо болуп, тоолуу аймактарда -2...-3 градуска чейин түшүшү ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0