Бишкек шаарындагы Масалиев көчөсү. Архивдик сүрөт

Шейшембиге карата аба ырайы

897
5-октябрда күндүз республикада туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ысык-Көлдө +10…+15, Нарын жеринде +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +10…+12, Ош шаарында +17…+19 градусту көрсөтөт.

897
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Октябрь райондук соту
Тема боюнча
Адис: смартфонду кышкысын туура колдонбосо аппараттын өмүрү кыскарат
Жолдогу автоунаалар. Архив

Айып пул төлөбөгөн айдоочуларга жаңы жаза сунушталууда

24
(жаңыланган 14:59 27.10.2021)
2019-жылга чейин айдоочу эреже бузган учурда айдоочулук күбөлүгү алынып, убактылуу күбөлүк берилчү. Бирок 30 күн ичинде өзүнүкүн алуу үчүн айып пулду төлөп берүүгө аргасыз болчу.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. ИИМдин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөө шарттарын аткарбаган айдоочулардын автоунаасын айып короого камоо боюнча Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Бул тууралуу ЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин борборундагы брифингде айтты.

Маалыматка караганда, буга чейин айып пулду натыйжалуу төлөтүп алуу механизми гана иштечү.

"2019-жылга чейин айдоочу эреже бузган учурда айдоочулук күбөлүгү алынып, убактылуу күбөлүк берилчү. Бирок 30 күн ичинде өзүнүкүн алуу үчүн айып пулду төлөп берүүгө аргасыз эле", — деди Сыдыгалиев.

Бирок андан кийин Бузуулар тууралуу жаңы кодекске ылайык, бул практика токтотулган.

"Азыр айдоочу эреже бузса, биз протокол түзүп, колуна беребиз. Айрымдары ошол жерден эле протоколду таштап койгон учурлар болот. Демек, айып төлөтүп алуу ыкмаларыбыз майнапсыз. Андыктан биз карызы бар айдоочунун автоунаасын айып короого киргизүүнү сунуштап жатабыз", — деди орун басар.

Жаңы демилгеге ылайык, айдоочу айып пулду төлөгөндөн кийин гана машинасын чыгарып кете алат.

24
Белгилер:
автоунаа, айдоочу, айып пул, өзгөртүүлөр, сунуш, мыйзам, кодекс
Тема боюнча
Кененбаева: "Коопсуз шаар" алкагында жол кырсыктары 20%га азайды
"Коопсуз шаардын" айып пулдары кайда кетет. Министрлик түшүндүрмө берди
Лейлек районунун кириши. Архив

Шайлоого аралашкан. Лейлектин акими кызматтан четтеп, Исфана мэри сөгүш алды

46
(жаңыланган 14:48 27.10.2021)
Министрлер кабинетинин төрагасы мындан ары аким же министр бир талапкердин кызыкчылыгына иштесе экинчи жумушка алынбай тургандай берене менен кетерин эскертти.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Шайлоого аралашканы үчүн Баткен облусундагы Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жумуштан четтетилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Ал президенттин "добуш сатып алгандар да, сатылгандар дагы жазалант" деген принципиалдуу позициясы бар экенин белгиледи.

"Бүгүн Лейлектин акими шайлоо бүткөнгө чейин жумуштан четтетилди. Исфана мэрине катуу сөгүш жарыяланды. Мындан ары кайсы бир аким же министр талапкерге же партияга үндөй турган болсо, "ишенимди жоготту" деген берене менен экинчи ирет жумушка алынбай тургандай кылып кызматтан алабыз", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатканын, эгер укук коргоо органдары жакшы иштеп, мыйзам бузгандарды кармап келсе сый акы берилерин кошумчалады.

46
Белгилер:
Лейлек району, аким, кызмат, четтетүү, шайлоо
Тема боюнча
Жапаров Бажы кызматынын жаңы жетекчиси кандай милдет менен дайындалганын айтты
Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби