Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Андрей Сорокин / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Күндүн суукташы жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган картошка жана кант кызылчасына коркунуч жаратышы мүмкүн.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын айрым аймактарында 6-7-октябрда үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай аба ырайы жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0