Күн ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Жуманын этегинде көпчүлүк аймактарга жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы мүмкүн. Анткен менен абанын температурасы 15...17 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы ыктымал. Анткен менен 15...17 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Чүй, Талас облустары

9-октябрда күндүз жана 10-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 10-октябрда күндүз жаан кээ бир аймактарга гана жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

9-10-октябрда Ош менен Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Жалал-Абадда 10-октябрда жаан жаабай турганы айтылды.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Апта аягында Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0