Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековКөчөдө сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Көчөдө сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, октябрь жана ноябрь айларынын баштапкы күндөрү суук болгону менен кийин абанын табы көтөрүлөт.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет борборунун метеобожомол бөлүмүнүн башчысы Асылбүбү Маткеримова Sputnik радиосунун эфиринде Кыргызстанда күздүн аягына чейин аба ырайы кандай болорун айтып берди.
Адистин билдиргенине караганда, октябрь айынын экинчи жарымында өлкөдө күн жылыйт.
"14-октябрдан тарта Кыргызстанда абанын табы 13-15 градуска чейин көтөрүлөт. Атургай 15-16-октябрь күндөрү 20 градуска жетери күтүлүүдө. Түнкүсүн 6-8 градус болгондуктан, бул айда үшүк жүрбөйт", — деди Маткеримова.
Метеорологдун айтымында, ноябрь айынын башы суук болуп, бирок бат эле жылый баштайт. Андыктан айдын биринчи жарымы жылуу болуп, 15инен кийин гана акырындан абанын температурасы төмөндөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0