Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан аял. Архив

Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

2856
(жаңыланган 13:08 28.10.2021)
Кыргызстанда апта аягында айрым жерлерде гана жаан, кар жаабаса, көпчүлүгүндө күн ачык болору божомолдонду.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Билдирмеге караганда, апта аягында айрым жерлерде гана жаан жаабаса, көпчүлүгүндө күн ачык болот.

Чүй облусу

30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. 30-октябрь күндүз жана 31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусу

Талас облусунда дем алышта күн ачык болот. Абанын температурасы 9...11 градуска жетет.

Ош, Баткен облустары

Эки облуста 30-октябрда күндүз жана 31-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абадда 30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ал эми 31-октябрда күн ачылып, абанын температурасы 14...16 градус жылуу болушу божомолдонууда.

Нарын, Ысык-Көл облустары

30-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бирок 30-октябрда күндүз жана 31-октябрда жаан-чачынсыз болору айтылды.

2856
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы, дем алыш, жаан-чачын
Тема боюнча
Кагаз калдыгын көчөткө алмаштырып, паркка бак тиге аласыз. Акция
Бишкекти кара түтүн каптай баштады. Аэрофотографтын асмандан тарткан сүрөтү
Спорт аянтчасында машыгуучу адам. Архив

Бишкек мэриясы мыйзамсыз павильондорду алып, ордуна сейил бак ачты

11
(жаңыланган 12:52 07.12.2021)
Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды. Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлады.

  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Жаңы сквер Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Новый сквер с множеством спортивных тренажеров открыли на пересечении улиц Туголбай-Ата и Раззакова в Бишкеке. 07 декабря 2021 года
    Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды

Жаңы сквер Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

"Чакан эс алуу зонасы турак жайларга жакын болгондуктан жашоочулар, өзгөчө балдар үйдөн анча алыс эмес жерде ойноп, эс ала алышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Скверде отургучтар, спорттук шаймандар орнотулуп, айланасы жашылдандырылды. Мэрия мурда бул жерде мыйзамсыз коюлган соода павильондору болгонун билдирди.

11
Белгилер:
Бишкек, мэрия, сейил бактары
Тема боюнча
Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча ири долбоор сунуштады
Мэрия конуштардагы жер участокторуна техникалык паспорт берет. Шарты
Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт
Бишкектин жанындагы конуштар. Архивдик сүрөт

Мэрия конуштардагы жер участокторуна техникалык паспорт берет. Шарты

12
(жаңыланган 12:49 07.12.2021)
Муниципалитет бул документ жерди мыйзамдаштыруу көйгөйүн чечүүдөгү алгачкы этаптардын бири экенин эскертти.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Конуштардагы жер тилкелерди документ менен шайкеш келтирүү үчүн 7-декабрдан тарта мобилдик топ ишин баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, көчмө топ алгач изилдөө жүргүзүп, андан соң үйлөр салынып калган жер участокторуна техникалык паспорт даярдалат.

Мобилдик топтун ишинин убакыт-сааты meria.kg сайтына жарыяланат.

"Техникалык паспорт жерди мыйзамдаштырып алууга укук бербейт. Анда болгону кыймылсыз мүлк боюнча техникалык маалымат топтолот. Бул документ жерди мыйзамдаштыруу көйгөйүн чечүүдөгү алгачкы этаптардын бири", — деп айтылат маалыматта.

Кыймылсыз мүлккө алгачкы изилдөө жүргүзүү боюнча кайрылуу үчүн документтердин тизмеси:

  • жарандын өздүгүн тастыктоочу күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар;
  • жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөдөгү адамдардын саны боюнча кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым кат.
12
Белгилер:
Бишкек, мэрия, паспорт, көчмөн, жер, участок
Тема боюнча
Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча ири долбоор сунуштады