Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөгүчкөн. Архив
Көгүчкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
7-ноябрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жекшембиде тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Нарын өрөөнүндө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +12…+14 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0