Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан окуучу. Архив
Көчөдө бараткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
12-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жума күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +13…+18, Ысык-Көлдө +7…+12, Нарын өрөөнүндө +2…+7 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +13…+15 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0