Күн жылуу болот. Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Апта аягында дээрлик бардык аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат. Бишкекте күн жылуу болору божомолдонду.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта аягында дээрлик бардык аймакта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат. Бишкекте күн жылуу болору божомолдонду.

Чүй, Талас облустары

Жума этегинде, 13-14-ноябрда, аба ырайы жылуу болуп, жаан, кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы Чүйдө 8...13, Таласта 12...14 градус жылуу болот деп божомолдонду.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында да күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы күндүз 14 градуска чейин жылыса, түнкүсүн -2...3 градус болушу ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө дагы жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок Нарын облусунда Ысык-Көлгө караганда күн суугураак болору божомолдонду. Көлдө күндүз 12 градуска чейин жылыса, Нарында 5...7 градус болушу ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0