Кайра катуу суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАномальные холода в Бишкеке
Аномальные холода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча, аптанын башында көпчүлүк аймактарда кар жаап, аяк ченинде күн ачылып, абанын температурасы бир аз жогорулайт.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында дүйшөмбү күнү жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Шейшемби жана шаршембиде түнкүсүн күн ачык болот. Ал эми күндүз жана бейшембиде түнкүсүн жаан жаайт. Бейшембиде күндүз жана жума, ишембиде күн кайра ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-ноябрда 14 метрге жетет.
Чүй облусу
15-ноябрда көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 16-ноябрда жаан-чачын болбойт.
17-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
18-ноябрда тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. 19-20-ноябрда жаан жаабайт.
Талас облусу
15-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. 16-ноябрда күн ачылат. Бирок кайра 17-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар аралаш жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Ошол бойдон 18-ноябрдан 20сына чейин күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад облустары
15-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 16-ноябрда күн ачылып, 17-18-ноябрда кайрадан жаан жаашы күтүлөт. 19-20-ноябрда жаан-чачын токтойт.
Баткен облусу
15-16-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ошол бойдон 20-ноябрга чейин күн ачык болот.
Ысык-Көл облусу
15-ноябрда кээ бир райондордо кар жаап, 16сында басылат. Бирок 17-ноябрдан 18-19-ноябрга чейин айрым райондордо кар жаайт. 20-ноябрда кайра күн ачылат.
Нарын облусу
15-ноябрда кээ бир райондордо кар жаайт. 16-17-ноябрда жаан-чачын болбойт. 18-ноябрда кайрадан күндүн көзү бузулат. 19-20-ноябрда күн ачык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0