Кар тазалап жаткан Тазалык кызматкерлери. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

68
20-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын аймагында -2...+3 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +8...+10 градуска жетет.

68
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Суук болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Автоунаанын фонунда дарак бутактарындагы кар

Шейшембиге карата аба ырайы

2
7-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй аймагында +7...+12, Талас өрөөнүндө +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Теңир-Тоодо 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.

2
Белгилер:
аба ырайы, декабрь, Кыргызстан
Тема боюнча
"Түндүк электр" 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт
Милиция кызматкерин фуражкасы. Архив

Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт

62
(жаңыланган 19:40 06.12.2021)
УКМКга кайрылган жаран милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

С.Р. аттуу милиционер алдамчылыкка шектелүүдө.

  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген

Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген. Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган.

"Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууну өтүнөт:

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
62
Белгилер:
УКМК, милиция, алдамчылык, шектүү, издөө
Тема боюнча
ИИМ: Москвада ишкерлерди 33 миң долларга алдап, таптырбай жүргөн киши кармалды
УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады