Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек после сильного снегопада
Бишкек после сильного снегопада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
22-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Калган облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +10...+15, Ысык-Көл чөлкөмүндө +4...+9, Нарын жергесинде +1...+6 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +9...+11, Ош калаасында +11...+13 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0