Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы турак үй. Архив
Бишкек шаарындагы турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Жазылуу
24-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Шаршемби күнү Баткен өрөөнүнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жана башка облустарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас жергесинде +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көлдө +3...+8, Нарын аймагында +2...+7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15...+17, ал эми Ошто +16...+18 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0