Кыргызстанда көп айдалган 10 автоунаа. Тизме

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүMercedes-Benz унаасынын логотиби. Архив
Mercedes-Benz унаасынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Мекеме каттоого алынган автоунаалардын арасында Aston Martin, McLaren Automotive сыяктуу өзгөчө үлгүдөгү машиналар бар экенин белгиледи.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Санариптиик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда саны боюнча көп 10 автоунаанын рейтингин түздү.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөдө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина айдагандар басымдуулук кылат. "Унаа" ишканасы мындай үлгүдөгү көлүктөн 141 618ди каттаган.
© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития КРКыргызстанда саны боюнча көп 10 автоунаа
Топ-10 марок автомототранспортных средств в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстанда саны боюнча көп 10 автоунаа
Экинчи орунга Daewoo үлгүсүндөгү авто илинген. Мындай үлгүдөгү автоунаадан өлкөдө 139 406сы катталган. Бир жыл мурда ал үчүнчү орунда болчу.
Кыргызстандыктар көп айдаган автоунаалардын алдыңкы катарында "АвтоВАЗ" компаниясынын унаалары да турат. Аталган транспорт былтыр экинчи орунда болсо, быйыл 137 485и катталып, үчүнчү орунга түшкөн.
Внедорожники и кроссоверы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Кымбаттап жатат! Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү
Япониянын Toyota жана Honda компанияларынын автоунаа, мотоциклдерин айдаган кыргызстандыктар да арбын. Булар рейтингде 4-5-катардан орун алган. Toyota үлгүсүндөгү автоунаадан 128 672си катталса, Honda үлгүсүндөгү автоунаадан 118 722си каттоодон өткөн.
5-орундан 10-орунга чейин Корея, Германия, Россия жана Японияда чыгарылган автоунаалар илинген. Аларды министрлик даярдаган инфографикадан көрө аласыздар.
Мекеме өлкөдө автоунаалардын арасында Aston Martin, McLaren Automotive сыяктуу автоунаалар бар экенин айтып, мындай бирден гана экземпляры бар көлүктөрдөн 483ү катталганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0