Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Медетбеков: Кытай элчилигиндеги терактыны "Шарки Озадлыг Түркстан" жасады деп ойлойм

© Фото / Бакай М.Председатель общественной организации Артур Медетбеков
Председатель общественной организации Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын генералы Бишкектеги теракт укук коргоо органдарынан тарта коомчулукту, элди ойлонто турган көрүнүш экендигин белгиледи.
Эксперт Кыргызстанда диний жаатта түшүндүрүү иштери аксап жатканын айтты

УКМКнын отставкадагы генералы, "Альфа-антитеррор" коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги терактыны "Шарки Озадлыг Түркстан" (ШАТ) уюмунун мүчөлөрү жасады деген пикирин билдирди. 

Бул ири террордук уюмдарга мүчө болуп жүргөн топ деп айтты эксперт. 

"Кытайдын аткаминерлерине Шарки Озадлыг Түркстан уйгурлардын өзүнчө бир чоң эстремисттик-сепаратисттик уюму дайыма каршы туруп келген. Учурда алардын сепаратисттик-экстремисттик идеялары дагы деле Кытайга каршы багыттаган учурлары кездешип жатат. Бишкектеги Кытай элчилигиндеги бүгүнкү террордук актыны Шарки Озадлык Түркстандын мүчөлөрү жасады десем, аша чапкандык болбойт. Себеби алардын багыты, иштеген кыймылы окшошуп турат", — деди эксперт Медетбеков.

Анын айтымында, ШАТтын Афганистанда негизги базасы болуп Түркстан ислам кыймылы эсептелинет, кийин ал Аль — Каида, бүгүнкү күндө "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен. 

Медетбеков КРде иштеген Кытайдын мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу биринчи ирет жасалып жатпагандыгын айтты.

"Кытайдын КРде иштеген жарандарына, мамлекеттик кызматкерлерине буга чейин бир нече жолу террордук актылар жасалган. 2002-жылы Кытай консулун атып кетишкен. Андан сырткары, башкы кызматындагыларына да кол салуулар болгон", — деди.

Медетбеков. Эксперт КРде уйгур улутундагы кытай жарандары соодагерчилик менен шугулданарын айтып, бирок кээсинин экстремисттик-сепаратисттик идеялар менен көзгө түшүп калган учурларына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0