Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токон Мамытов: Өзбекстан эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди бузуп жатат

Жазылуу
Күч түзүмдөрүнүн мурдагы жетекчиси чек ара маселелери чечилмейин, мындай көрүнүш кайталана берерин айтты.
Токон Мамытов: Өзбекстан эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди бузуп жатат

Талаш-тартыштуу болгон Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстандын келип туруп алышы мыйзам бузуу болуп эсептелет, алар эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди бузуп жатат. Бул боюнча Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчиси, буга чейин өлкөнүн күч түзүмү боюнча вице-премьерлик кызматта турган Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан сайтына бүгүнкү жагдай боюнча комментарий берип жатып айтты.

"Үңкүр-Тоодо негизи биздин ретрансляция кыла турган техника жайгашкан. Ал жер Кыргызстандын объектиси болуп эсептелет жана кыргызстандын жарандары иштеп жаткан. Өзбекстандын талаш-тартыштуу бул аймакка келип туруп алышы мыйзам бузуу болуп эсептелет. Коңшу мамлекет тарабынан буга чейин жетишилген эки тараптуу жана эл аралык келишимдер Өзбекстан тарабынан бузулуп жатат", — деди Мамытов.

УКМКнын мурдагы орун басар жетекчиси бул жаатта Чек ара кызматы да, ТИМ да, өкмөт да иштеп жаткандыгын, бирок, чек ара көйгөйү чечиле элек болгондуктан, мындай көрүнүш кездеше берерин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0