Аргымак федерациясынын мүчөсү, жорго таптоо боюнча адис Жолдош Турсуналиев

Саяпкер Жолдош Турсуналиев: асыл тукум аттарды көбөйтүү колго алынууда

138
"Аргымак" федерациясынын мүчөсү, жорго таптоо боюнча адис Жолдош Турсуналиев жаңы ат майданда байге уюштуруу чоң майрам экендигин кошумчалады.

"Президент жана өкмөттүн жардамы менен жаңы ат майдандуу болуп отурабыз. Мындай жаркыраган ат майданда мелдеш өткөрүү өзүнчө чоң майрам. Акыркы жылдары кыргыз күлүктөрү эл аралык байгелерде алдыңкы орундарга чыгып жаткандыгын айткым келет. Бул Кыргызстанда асыл тукум аттарды көбөйтүү иши жакшы жүрүп жаткандыгынан кабар берет", — деди Турсуналиев.

Эске сала кетсек, Бактуу-Долоноту айылындагы жаңы ат майданда Көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар ат оюндары өттү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

138
Белгилер:
ат майдан, ат чабыш, байге, Жолдош Турсуналиев
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
ДКО: көк бөрүдө кыргыз улакчылары казактарды 15:3 эсебинде утуп алды
Бактуу-Долонотудагы ипподромдун жанында ден-соолукту чыңдоо комплекси ачылды