Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов

Кылычбек Досумбетов: Бишкек Нарын Торугарт жолу толугу менен декабрда бүтөт

43
(жаңыланган 13:20 14.09.2016)
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетовдун айтымында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун калган 93 чакырымын бүткөрүү үчүн 45,4 миллион доллар бөлүнгөн.
Кылычбек Досумбетов: Бишкек — Нарын — Торугарт жолу толугу менен декабрда бүтөт

"Аталган аралыкка жети көпүрө курулуп, 143 суу түтүктөрү орнотулду. Дагы төрт көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. 78 чакырымдык жолдун астыңнкы, ал эми 51 чакырымдын үстүңкү катмарына асфальт төшөлүп бүттү. 15 миң 626 парапет даярдалып, аларды участкаларга орнотуу иштери жүрүп жатат", — деп билдирди Досумбетов. 

Анын айтымына караганда учурда курулуш иштеринин 68 пайызы аяктады. Калган иштер үстүбүздөгү жылдын декабрь айында акырына чыгат. Ал эми кепилдик мөөнөтү 2017-жылдын декабрь айына чейин белгиленген.

43
Белгилер:
курулуш, жол, Бишкек-Торугарт автожолу
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова

Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

6
(жаңыланган 17:40 03.08.2020)
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 4-октбярда өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштери учурунда массалык оюн-зоокторго тыюу салынарын айтты.
Шайлдабекова: үгүт иштеринде концерт, спорттук оюндарды өткөрүүгө тыюу салынат

Конституцияда шайлоонун үгүт иштери учурунда массалык түрдө эл чогултуп спорттук оюндарды, концерт өткөрүүгө тыюу салынган. Бул мыйзам азыркы эпидемиологиялык шартка абдан туура келип жатат. Бул тууралуу Нуржан Шайлдабекова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл октябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоодо үгүт иштери көбүнесе интернет платформасында жүргүзүлөт.

Шайлдабекова: шайлоо өткөрүүгө санитардык каражаттар колдоо катары келет

"Баш мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт иштеринде спорттук оюндарды, концерттерди өткөрүүгө тыюу салынган. Анткени оюн-зооктордо партиянын программасы, талапкерлер тууралуу маалымат айтылбай эле жөн гана көңүл ачуу максаты аткарылып жатат. Андыктан Конститутция буга чейин эле мындай аракеттерге тыюу салган болчу. Бирок азыр эпидемиологиялык абал курчуп турганда бул мыйзамды аткарылышына өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Шайлоону өткөрүү боюнча түзүлгөн республикалык штаб да бул боюнча алгоритмдерди иштеп чыгат", — деди Шайлдабекова.

Ал Кыргызстандын ар бир жараны санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого милдеттүү экендигин кошумчалады.

6
Белгилер:
үгүт, коронавирус, шайлоо, Нуржан Шайлдабекова
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Бактыгулов: келе жаткан шайлоодо аймактардагы лидерлер чоң роль ойнойт
Экономист Замирбек Осмонов. Архив

Осмонов: экономиканы көтөрүү үчүн экспортту көбөйтүү зарыл

18
(жаңыланган 13:51 03.08.2020)
Экономист Замирбек Осмонов өнөктөш өлкөлөрдө абал жакшырса Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет деген пикирин билдирди.

Өнөктөш өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал жакшырса, Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу Замирбек Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Осмонов: экономиканы көтөрүү үчүн экспортту көбөйтүү зарыл

Анын айтымында, карантинден кийин экономиканы тез арада калыбына келтирүү үчүн ЕАЭБдин алкагында Казакстан-Кыргызстан чек арасындагы тоскоолдуктарды болтурбоо аракеттери көрүлүүсү шарт.

"Күйүүчү май, газ дагы көптөгөн товарларды ЕАЭБге мүчө Россиядан, Казакстандан алып келебиз. Ошондой эле эт, сүт жана башка товарларды Казакстанга чыгаруудабыз. Бул өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, Кыргызстанга оң таасирин тийгизет. Себеби аталган мамлекеттерде бизден барган товарларга суроо-талап жогорулайт. Ошондой эле импорт жаатында да жылыштар болот. Алардан келген товарлардын саны көбөйсө, баалар төмөндөйт. Мындан тышкары, соода-сатык балансын теңдеп, ал тургай колдон келишинче өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу зарыл. Ал үчүн экологиялык таза продукциялар: фасоль өстүрүү, жер-жемиш иштетүү, балык чарбачылыгын колдоого жана бал өндүрүүгө жеңилдетилген насыяларды бериш керек. Ошол эле текстиль тармагы дагы пандемиянын таасиринен улам басаңдап калды. Аны тез арада калыбына келтирүү үчүн тийиштүү кадамдар жасалышы шарт", — деди Осмонов.

Министрлик: азык-түлүк, керектелүүчү товарлардын экспортуна чектөө коюлду

Ошондой эле ал ишкерликти өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдардагы бюрократияны жоюу керектигин кошумчалады.

18
Белгилер:
коронавирус, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Замирбек Осмонов
Тема боюнча
ЕЭАБ коронавирус менен күрөшүү үчүн иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти
Медицина кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Өкмөт өзгөчөлөнгөн дарыгерлерди Ардак грамота менен сыйлады. Тизме

0
(жаңыланган 18:01 03.08.2020)
Өкмөт республикадагы мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринин кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик жана менчик медицина мекемелеринде өзгөчөлөнгөн кызматкерлер өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Сыйлыктарды вице-премьер Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов тапшырды.

Пневмониядан айыкты. Саламаттык сактоо министри Абдикаримов ишке чыкты

Ак ниет эмгеги жана саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн төмөнкү адистер сыйланды:

  • Насиржан Адашпаев — Онкология жана Гемотология улуттук борборунун интенсивдүү терапия палатасынын анестезиолог-реаниматолог дарыгери;
  • Нурдин Алмереков — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы;
  • Бейшеналиев Илимгазы Айыпович — Нарын облусунун Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Бодошов Азат Умарович — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирустук лаборатория бөлүмүнүн башчысы;
  • Давлетбаева Марина Мамбетказиевна — Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын №1 бөлүмүнүн башчысы;
  • Докбаев Жээнбек Орозмаматович — Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери;
  • Ибраимов Бакыт Аскарович — Улуттук хирургия борборунун ичеги оорулар секторунун башчысы;
  • Кравцов Алексей Анатольевич — "Профилактикалык медицина" Республикалык илимий-практикалык борборунун врач-эпидемиологу;
  • Макешова Токтобүбү — Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын №6 бөлүмүнүн улук медайымы;
  • Мамасали уулу Жыргалбек — Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнү хирург-дарыгери;
  • Нурланова Махабат Мелисовна — Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын пульмонолог-дарыгери;
  • Өмүракунова Назгуль Советбековна — Эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери;
  • Осмоналиев Калмурза Мукашевич — Чүй облустук стоматологиялык бейтапканасынын     стоматолог-хирургу;
  • Осмонов Дамир Асылбекович — менчек медициналык клиниканын башкы дарыгери;
  • Оторбаева Динагүл Сатаровна — Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу, паразиттик оорулар жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы;
  • Салиев Алишер Гаппарович — Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын травматолог-дарыгери;
  • Самаков Алмаз Асанбекович — Улуттук хирургия борборунун чукул хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары;
  • Солтогулова Аиза Үрүстөмовна — Бишкектин Биринчи май райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери;
  • Тилеков Эрнис Абдышевич — Онкология жана Гемотология улуттук борборунун директору;
  • Үркүнчиев Таалайбек Токтобекович – Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын директору;
  • Чынгышова Жамиля Амановна — Иса Ахунбаев атындагы КММАнын анестезиология жана интенсивдүү терапия кафедрасынын кафедра башчысы.

Кыргызстанда COVID-19дан каза болгон медиктердин так саны айтылды

Бардыгы болуп 21 адис Ардак грамота менен сыйланышты.

0
Белгилер:
сыйлык, грамота, өкмөт, дарыгерлер
Тема боюнча
Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт