Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапар Эргешов: жер тартыш болуп жатканда көп кабаттуу үйдүн курулушу маанилүү

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Исфана шаарынын тургуну Абдыжапар Эргешов
Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Исфана шаарынын тургуну Абдыжапар Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Исфана шаарында миңдеген жаштар жер алуу үчүн кезекте турушат. Мындай көйгөйдү жоюу максатында шаарга алгачкы жолу беш кабаттуу батир курулуп жатат.
Абдыжапар Эргешов: жер тартыш болуп жатканда көп кабаттуу үйдүн курулушу маанилүү

Шаар тургуну Абдыжапар Эргешовдун айтымында, бул жергиликтүү эл үчүн чоң жардам.

"Баткендин дээрлик бардык жагында жер тартыш. Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жаштарга эле жакшы болуп жатат. Себеби үй салуу үчүн жер керек. Ал үчүн кезекте тургандар көп. Мына бул курулуп жаткан үйгө 25 кожолук орун алат экен. Бул абдан жакшы көрүнүш", — дейт Эргешов.

Жергиликтүү тургундун айтымында мындай көп кабаттуу батир Совет доору урагандан бери биринчи жолу курулуп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0