Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нуркул Шырдаков: Ошто соодагерлер ар кайсы жерде иштеп жатышат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы дүң базарда эмгектенген Нуркул Шырдаков
Ош шаарындагы дүң базарда эмгектенген Нуркул Шырдаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы дүң базарда эмгектенген Нуркул Шырдаков базар жабылгандан бери соодагерлер чар тарапта сатык менен алектенип жатышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Нуркул Шырдаков: базарды ачууга көп каражат жумшадым эле…

Анын айтымында, шаар бийлиги соодагерлерди Кербен-Сарай аттуу базарга көчүрүүнү каалап жатат. Бирок базардагылар ал жакка кардарлар көнбөгөндүктөн соода жүрбөй турганын билдиришкен. Буга байланыштуу алар дүң базардын аймагында чачыранды жерде соода жүргүзүшүүдө.

"Ош шаарындагы Тешик-Таш базарындагы унаа жолу жабылып, соодагерлер товар түшүрө албай Ленин көчөсүндө соода кылып жатышат. Жолдун жабылышы мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин аныктоо үчүн 105 соодагердин колу коюлган катты шаардык прокуратурага жибердик", — деп билдирди Шырдаков.

Белгилей кетсек, Ош шаардык мэриясы дүң базардын сатуучуларын соода жайына киргизбей тосмолорду коюшкан. Буга 13-сентябрда базардын жашылча-жемиш сатуучу тарабындагы "Тешик-Таш" деп аталган жеринде кырсык катталып, андан 52 жаштагы аялдын көз жумушу себеп болгон. Сатуучулар азык-түлүктөрү чирип, чыгымга учурап жатышканын айтып каршылык акцияга чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0