Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каныбек Иманалиев: Конституциянын тили болсо, көп нерсе айтып бермек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул пикирин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламентте Конституцияны өзгөртүү тууралуу референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
Каныбек Иманалиев: Конституциянын тили болсо, көп нерсе айтып бермек

"Конституциянын тили болгондо көп нерсени айтып бермек. Учурдагы Конституциянын жардамы менен жарандык катастрофадан чыгып, парламенттик башкарууга келдик. Кыргызстандын тарыхындагы өмүрү узун (6 жыл) Баш мыйзам болду. Бирок муну өзгөртөбүз деп өтө шашып жатабыз. Мисалга Бишкектен Нарынга 3-4 саатта жетсек, азыр эки саатта жете турган кооптуу жолго чыгып жаткандайбыз. Каталар абдан көп. Мыйзамды Канат Исаев менен Иса Өмүркулов эмес, президент аппаратынын өкүлү Анарбек Исмаилов жазган. Конституция кабыл алынса, парламенттин тарашына толук негиздер бар", — деди Иманалиев.

Аталган мыйзам долбоорун 94 депутат колдоого алып, ал биринчи окууда жактырылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0