Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекболот Айтиев: Ноокат алмасы брендге айланып, кымбат баага сатылат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облусуна караштуу Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев аймакта өстүрүлгөн алмалар жакынкы аралыкта брендге ээ болсо, кыйла жогору баада сатыла турганын билдирди.
Бекболот Айтиев: Ноокат алмасы брендге айланып, кымбат баага сатылат

"Бренд "Алма Ноокат" деп аталат. Аны алуу үчүн көп күч жумшалды. Жакынкы аралыкта брендге толугу менен ээ болуп калабыз. Мунун жакшы жери — алмалар чет өлкөгө эки эсе жогору баада сатыла баштайт. Биздин аймакта 70 миңден ашык тонна алма өндүрүлөт. Эми кайракы жерлер дагы иштетиле баштайт", — деп билдирди Айтиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Ноокар районунда алма фестивалы өткөрүлүп анда Казакстан менен Түркиядан келген ишкерлер катышып, экспорт мамилеси сүйлөшүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0