Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абулгазиев: кыргыз-өзбек делегациялар сапары уланып турушу керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөту
Кыргызстандын биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиевдин архивдик сүрөту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев Sputnik Кыргызстан агенттигине Өзбекстандын Анжиян шаарына болгон сапарынын жыйынтыгы туурасында айтып берди.
Биринчи вице: кыргыз-өзбек делегациялар сапары уланып турушу керек

Абулгазиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы 1-октябрда Өзбекстандын чакыруусу менен Анжиян шаарындагы кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышып келди. 

"Максат — эки элдин, мамлекет ортосундагы мамилени мындан ары өркөндөтүү болду. Иш сапардын жыйынтыгында түштүк региондогу – Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун жетекчилери, Ош шаарынын мэри жана Анжиян, Фергана, Наманган облустарынын башчылары кызматташуу меморандумуна кол коюшту", — деди биринчи вице-премьер.

Жолугушууда бир катар маселелер талкууланган. 

"Анжиянда экономикалык, социалдык-гуманитардык, маданияттар ортосундагы кызматташууну арттыруу каралды. Андан сырткары, жарандар арасындагы маселелерди кандай кылып чечүү, андагы жетишкендиктер менен мүчүлүштүктөр талкууланды",— деп билдирди Абулгазиев.

Тараптар чектеш аймактардагы тургундардын көйгөйлүү маселелерин талкуулоо үчүн айына бир ирет жолугушууларды такай өткөрүп турууну макулдашты. 

Абулгазиев өзбекстандык делегацияны тосуу кезеги эми Кыргызстанга экендигин, кийинки жолугушуу Ош же Жалал-Абад шаарында болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0