Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Данияр Арпачиев: Караколдо кардан улам алты трансформатор иштен чыкты

© Фото / пресс-служба мэрии КараколаКаракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев
Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол шаарынын мэри аталган трансформаторлорго кошулган 300дөй түтүн жарыксыз отурганын кошумчалады.
Данияр Арпачиев: Караколдо кардан улам алты трансформатор иштен чыкты

Каракол шаарында кардын кесепетинен улам алты трансформатор иштен чыкты. Бул тууралуу калаа башчысы Данияр Арпачиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, 2-октябрь күнү жааган кардан улам бактардын бутактары сынып, электр зымдарын үзүп, шаардын айрым жерлери жарыксыз калган

"2-октябрдан кийин кечээ күнү жарыктар берилген. Бирок катуу кардан улам 6 трансформатор иштен чыккан экен, учурда аларды калыбына келтирүү жүрүп жатат. Ошол трансформаторлорго кошулган 300дөй түтүн жарыксыз отурат", — деди Арпачиев. 

Шаар мэри маселе түштөн кийин чечилип каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0