Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рита Карасартова: эми шаардык сотко арызданам

© Фото / Протопопова ЮлияУкук коргоочу Рита Карасартованын архивдик сүрөтү
Укук коргоочу Рита Карасартованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рита Карасартова Бишкек шаардык райондор аралык соту анын арызын кабыл алуудан баш тарткандыктан, эми Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Рита Карасартова: эми шаардык сотко арызданам

Буга чейин, 27-сентябрда Карасартова ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко арыз жазган. 

"Тилекке каршы, 3-октярбда сот менин арызымды кабыл албагандыгын кабарлады. Негиз катары ЖКнын комитетинин чечими укуктук ченемдик акт болбойт дешүүдө. Биз юристтер менен кеңешип туруп, бул маселени Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык даттанууга беребиз", — деди Карасартова. 

ЖКнын тармактык комитети аталган мыйзамды карап, маселе парламентке чыккан. Референдум өткөрүү үчүн 94 депутат добуш берип, демилге биринчи окууда жактырылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0