Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат Ибраимжанов: кафедеги катуу музыка тургундардын тынчын алууда

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжановдун архивдик сүрөтү
Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тууралуу "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Депутат Ибраимжанов: кафедеги катуу музыка тургундардын тынчын алууда

Анын айтымында, бир гана кафедеги музыкалар эмес, катуу айтылган азан да уйкуну бузат. 

"Биздин Ош шаарындагы штабга эл кайрылып, мамлекеттик кызматкерлер жума намазга кеткен бойдон дүйшөмбүгө чейин келбей коюп жаткандыгын айтышты. Ыйманга каршы эмеспиз, бирок ошол мамлекеттик кызматкерлерге катуу көзөмөл кылуу керек. Айыл жергесинде намаз окуу үчүн айтылган азандар тургундардын уйкусун бузуп жатат. Эреже боюнча саат 23:00дөн 07:00гө чейин тыюу салынып, элдин тынчтыгын бузган нерселерге чектөө киригизилген. Анткен менен ал чектөөлөр сакталбай келет", — деди депутат. 

Ал аймактагы тургундар кафелердеги катуу музыкага да каршы чыгып жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0