Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрмек Өмүралиев: Кыргызстандан дүйнөнүн 25 шаарына учабыз

© Фото / пресс-служба Агентства гражданской авиацииЖарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиевдин архивдик сүрөтү
Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган тармактын тарыхы жана учурдагы абалы туурасында айтып берди.
Эрмек Өмүралиев: Кыргызстандан дүйнөнүн 25 шаарына учабыз

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн Жарандык авациянын 83 жылдыгы белгиленип жатат. 

"Биринчи жолу Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск каттамы жасалган. Ошону менен авиация тарыхы башталган. Жарандык авициянын түптөлүшүнө биринчи учкучубуз Ишенбай Абдраимовдун салымы чоң… Учурда Кыргызстандагы авиакомпанияларды жалпысынан 13 аба кемеси болсо, жүргүнчүлөрдү ташып жаткандардын саны – 11. Ал эми бизден дүйнөнүн 25 шаарына учууга болот", — деди Өмүралиев.

Кыргызстандын алгачкы учак паркы У-2 үлгүсүндөгү айыл чарба учагынан турган. Ушул жылы эле Фрунзе аэродромуна У-2 үлгүсүндөгү учак 3500 метр бийиктикте Кыргыз тоолору жана Күңгөй тоо кыркалары аркылуу учуп келген.

Андан сырткары, Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск трассасы ачылып, Пишпек — Ташкент — Алма-Ата аба каттамы иштей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0