Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мирлан Самыйкожо: максатыбыз — келегей кепти тизгиндөө

© Фото / Ринат МурзаевАкын, журналист Мирлан Самыйкожо атка минер болду
Акын, журналист Мирлан Самыйкожо атка минер болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөө кебин оңдоп, сөз чеберчилигине үйрөнүүнү каалагандарга сөз багып, таптап келген манасчылар, филологдор сабак өтөт.
Мирлан Самыйкожо: максатыбыз — келегей кепти тизгиндөө

"Устат" академиясынын негизги максаты — коомдо өкүм сүргөн келегей кепти тизгиндөө. Бул тууралуу аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрүнүн бири, маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Мирлан Самыйкожо билдирди.

"Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасында, пайдаланган кебибизде туура эмес сүйлөө, туура эмес жооптор, суроолор көп байкалууда. Кыргыздын нукура, көөнө сөздөр колдонулбай калганы өкүндүрөт. Сүйлөө маданиятымды оңдойм, сөз байлыгымды өрчүтөм деген дилгир жарандарыбызга эшик ачык", — деди ал.

Мындан тышкары, аталган академия чечендик өнөр, төкмө акындык өнөр, дастанчылык жаза жазуучулук боюнча багыт бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0