Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрмек Кадыров: биздин бийге калыстар туруп кол чабышты

Жазылуу
Эл аралык сынак жай айында болгон.
Эрмек Кадыров: биздин бийге калыстар туруп кол чабышты

"Тумар" бийчилер тобу Словакиянын баш калаасы Братиславада болгон "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагында бийлеген бийинин видеосу эми гана көрүүчүлөргө сунушталды.

Кадыровдун айтымында, калыстар менен залдагы көрүүчүлөр бийди жогору баалашкан.

"Биздин бийди калыстар менен залдагы көрөрмандар аябай жакшы кабыл алды. Калыстар силердин бийди бүт дүйнө көрүшү керек деп, бий аяктаганга чейин туруп турушту", — деди ал.

Сынактын финалы 29-ноябрда өтөрүн Кадыров кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0