3-11-октябрда Памирди жердеген этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Негизинен 10 миллион сомдун тегерегиндеги каражатка тамак-аш, дары-дармек жана кийим кече таратылып, элүүгө жакын боз үй берилди.
Адылов Кыргызстандан барган экспедицияны Вахан провинциясынын акими Нахил Рахман коштоп жүргөнүн белгилеп, балдарды окутуу боюнча иштерге жардам берерин айтканын кошумчалады.
"Жаш балдарды окутуу боюнча Вахан провинциясынын акими жардам бере турган болду. Жакында аларды Бишкекке чакырып, сүйлөшүүлөр жүрөт. Кудай буюрса, Афганистандагы этникалык кыргыздарды кыргыз жергесине алып келип окутуу боюнча алгачкы кадамдарды иш жүзүнө ашырабыз", — дейт Адылов.
Негизинен кыргыздар Улуу Памир менен Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирде 8 айыл, 208 кожолук бар. Ал жакта 1200жүн тегерегинде киши жашайт. Ал эми Улуу Памирде алты айыл бар, ал жакты 825 киши жердейт. Жалпысынан 2100гө жетпеген этникалык кыргыздар жашайт.
18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.
"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.
Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.
Дача СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы түз эфирде маршрутка айдоочулары менен сүйлөшүп, алардан эмне себептен жол кирени көтөрүү керектигин, пландалып жаткан иш таштоо тууралуу сурады.
Буга чейин ордо калаадагы маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо, ишти токтотуп митингге чыгышарын эскертишкен.
Айдоочулардын айтымында, көбү автоунааларын насыяга алып иштетишет. Мындан сырткары, тапкан акчасын батиринин ижара акысына, автоунаанын тетиктерин алууга коротушат.
Маршрутка айдоочусу Сейитбек Айылчиевдин айтымында, азыр азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттап, айдоочулардын кыйналып жаткан учуру.
"Кымбаттабаган эч нерсе калган жок. Мурда 500 сомдон сатылган тетиктер азыр 1000 сом, андан дагы кымбат. Азык-түлүк канча кымбаттады? Жол кире акысына беш сом кошуп койгула десек ызылдап жатышат. Эмнеге баасы асман чапчыган башка нерселерге нааразы болушпайт? Элдин көбү беш күн иштеп, эки күн эс алат. Айдоочуларга андай мүмкүнчүлүк жок. Себеби айрымдары автоунаанын ижара акысын, батирдин акысын чыгарып алайын деп чуркашат. Айдоочулардын 90-95 пайызы автоунаасын насыяга алып иштеп жатышат. Мындан сырткары, автоунааны улам оңдотуп туруш керек", — деди Айылчиев.
Ал 18-январда иш таштоо болор-болбосу азырынча белгисиз экенин да айткан.
"Мындан 2-3 жыл мурда деле иш таштаганбыз. Анда дагы чечип беребиз деп, бирок ошол бойдон калып калган. Эми эртең көпчүлүккө карайбыз. Эл чечет", — деди ал.
Дагы бир айдоочу кесиптештери мындай талаптарды аргасыздан коюп жатканын кошумчалады.
"Жыргаганыбыздан бул талаптарды койгон жокпуз. Баары кымбаттады. Көбү батирде турат. Автоунаалар бат-баттан бузулат, аны оңдоого да акча кетет. Жүргүнчүлөрдүн арасында 10 сом берип коюп каалаган жеринен токтотуп, кыйын болгондор бар. Автобус, троллейбустар эрте эле токтойт. Иштегендерди түнгө чейин баягы эле маршрутка айдоочулары ташыйт. Беш сом эч кимдин деле тагдырын чечпесе керек", — деди дагы бир айдоочу.
Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.
Бишкек ШИИБ да маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.