Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аида Салянова: комиссия түзүп Баш мыйзамдын түп нускасын табалы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү түп нусканы тапмайынча өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамсыз экенин кошумчалады.
Аида Салянова: комиссия түзүп Баш мыйзамдын түп нускасын табалы

Комиссия түзүп Баш мыйзамдын түп нускасын табалы. Мындай сунушту Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Жогорку Кеңеште референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. 

Эл өкүлү түп нусканы тапмайынча өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамсыз экенин кошумчалады. 

"Юстиция министри менен президенттин Жогору Кеңештеги өкүлү Баш мыйзамдын түп нускасы жок деп айтты. Биринчи комиссия түзүп, ошол түп нусканы таппайлыбы анда? Биз кайсы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип жатабыз? Жалпы процесс мыйзамсыз да. Алты жыл мурун эле караш керек болчу. Юстиция министрлиги менен президент аппараты эмне болуп жоголгонуна ошондо кызыгышы керек эле", — деди Салянова. 

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова ал кезде Салянова өзү Юстиция министри болуп отурганын, ошол кезде өзү кызыгышы керек болгонун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0