Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иса Өмүркулов: айрым фракциялар менен чогуу иштешүүгө мүмкүн болбой калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов көпчүлүк коалициядагы эки фракциянын ("Ата Мекен" менен "Өнүгүү — Прогресс" — авт.) өкүлдөрү менен чогуу иштеше албастыгын жарыялап, коалициядан чыгуу чечими кабыл алынганын билдирди.
Иса Өмүркулов: айрым фракциялар менен чогуу иштешүүгө мүмкүн болбой калды

"КСДП фракциянын жыйынында көпчүлүк коалициядан чыгуу чечимин кабыл алдык. Кийинки кездеги болгон кырдаалдар ушундай шарт түзүп жатат. Эки фракциянын өкүлдөрү менен иштеше албастыгыбызды жарыялап жатабыз. Биз мамлекетте тынчтык, туруктуулук болсун деп аракет кылдык", — деди Өмүркулов.

Ал ошондой эле учурдагы көпчүлүк бирикме коалиция эмес эле парламенттеги оппозиция менен позиция болуп калганын айтып, анын ичинде жарым оппозиция болсо да ал коалициянын жашоосу кыска болуп каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0