Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айыл өкмөтү Жаныбек Бакыев: Оштун Мамажан айылында аш-той чыгымдары кыскарды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваГлава села Мамажан Жаныбек Бакыев
Глава села Мамажан Жаныбек Бакыев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей турган биринчи жагдай – Мамажанда тойлордо кымбат баалуу унаалардын кортежи кыскартылып, жаштар көңүл ачуу шарапатына көп орундуу автобус жана бустар менен чыга баштады.
Айыл өкмөтү Жаныбек Бакыев: Оштун Мамажан айылында аш-той чыгымдары кыскарды

Дасторкон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аш-тойдун маалында ашказанды "сактап" калуунун 7 ыкмасы
Кара-Суу районунун Мамажан айылында аш-тойлорго кеткен чыгымдар кыскара баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Мамажан айылынын башчысы Жаныбек Бакыев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул демилге мындан үч жыл мурда жергиликтүү жашоочулардын арыздарынын негизинде ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында көтөрүлгөн. 

Мындан сырткары, аталган айылда маркумду жерге берүүдө бодо мал союу токтотулуп, майда жандыкка өтүшкөн.

Ал баса белгилегендей, ысырапкерчиликке алып келүүчү ырым-жырымдар айыл ичинде толугу менен кыскара элек. 

"Убакыттын өтүшү менен эл өзү да түшүнүп бара жатат",— деди ал.

Мамажан айылында 711 кожолук, 3 миң 32 киши жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0