Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иса Өмүркулов: Бакыт Төрөбаев, Баш мыйзамды өзгөртүүдө ойт бердиңиз

Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов эмне үчүн "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы менен бир коалицияда бир боло албастыгын түшүндүрдү.
Иса Өмүркулов: Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүдө ойт бердиңиз

Бакыт Төрөбаев, Баш мыйзамды өзгөртүүдө ойт бердиңиз. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

"КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициясынан чыгуусу оңой болгон жок. Эки сааттай кызуу талкуудан кийин ушундай чечимге келдик. Ал эми коалиция тууралуу. Бакыт Эргешович, коалиция лидерин шайлоо боюнча кабинетиңизге чейин бардым. Бириңер да ынаган жоксуңар. Анан мага керекпи? Конституция боюнча өзгөртүүнү башында колдоп, кийин ойт бердиңиз. Президентке чейин кирем деп чыктыңыз. Президенттин кандай тиешеси бар?", — деди Өмүркулов.

Ал ЖКнын тармактык комитетинин төрагалыгы КСДП фракциясына тиешелүү экенин айтып, талашып чыктыңар деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0