Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иса Өмүркулов: жаңы коалицияга КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы коалиция Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка көрсөттү.
Иса Өмүркулов: жаңы коалицияга КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" кирди

Көпчүлүк коалициясына КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары кирди. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Эске сала кетсек, президент коалиция куроо мандатын КСДП фракциянсына тапшырган. 

"Президенттин жарлыгынын негизинде көпчүлүк коалициясын куроо тууралуу келишимге кол коюлду. Ага КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирип, жалпысынан 68 депутат болду. Ага лидер катары мен, Иса Өмүркулов шайландым", — деди Өмүркулов. 

Жаңы коалициянын лидери көпчүлүк коалициясы Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка көрсөтө тургандыгын кошумчалады.

Ал эми парламенттин отурумун алып барып жаткан вице-спикер Алтынай Өмүрбекова коалиция тууралуу маалымат жырыялангандан тартып, келишим күчүнө кирерин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0